Орус эстрада ырчысы, актёр, композитор, музыкалык продюсер, Орусиянын эл артисти Филипп Киркоров мурдагы жубайы, СССРдин Эл артисти Алла Пугачёва менен ажырашкандагы күнүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтып берген.
Ырчы бул ажырым Жаңы жыл күнү болгонун, ал күнү өзүн укмуштуудай жалгыз сезгенин моюнуна алган.
"Жаңы жыл түнү үйдө жалгыз отурдум. Жүрөгүмдө боштук сезими пайда болду. Бул менин ички сезимимди аябай жаман акыбалга алып келди. Мен үчүн бул ажырашуу шок, стресс, коркунуч болуп, жашоом токтоп калгандай сезилген", - деген Киркоров.
Эске салсак, Алла Пугачёва менен Филипп Киркоров 11 жыл жашагандан кийин эки ажырым жолго түшкөн. Көп өтпөй эле Пугачёванын жашоосунда Максим Галкин пайда болгон. Жубайлардын мурунку үй кызматчысы маектеринин биринде Филипп Киркоров үй-бүлөсүн сактап калууга көп жолу аракет кылганын айткан.