Баткен. Лейлек районунун дыйкандары айыл чарба техникалары менен камсыз болушту

Лейлек районунда 2012-жылдын ичинде “Айыл банк” ачык акционердик коому аркылуу дыйкандарга 12 даана айыл чарба техникасы арзандатылган насыянын негизинде сатылып алынды. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавидинов маалымат берди. “Алардын катарында 6 даана МТЗ-82 Беларусь үлгүсүндөгү трактор, 2 даана УТО 704 трактору, 1 даана УТО 904 - Кытай өндүрүшүнөн чыккан трактор болсо, 3 даана Нива-Эффект заманбап комбайны бар. Мындан ары да дыйкандарды айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу боюнча аталган банк иш алып бара бермекчи”,- дейт Э.Бахавидинов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан