Бакыт Букаевдин жансыз денесин Нурдөөлөт Копоев көрүп, милицияга кабарлаган

Шоумен, тамада Бакыт Букаевдин жансыз денесин кесиптеши, досу Нурдөөлөт Копоев көрүп, милицияга кабарлаган. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Нурдөөлөт Копоев SUPER.KG порталына маалымат берди. 

Анын айтымында, Бакыт Букаев балдарын көрүү үчүн тез-тез эле Ысык-Көлгө барып турчу. Каза болгондон бир күн мурун Бакыт экөө жолукканын айтты.

12-ноябрда Бакыт мага "Ысык-Көлдөн Бишкекке баратам" деп чалды. "Курсагым ачты" дегенинен биздикине келип тамактанып кетишин айттым. Экөөбүз тойдун видеосун көрүп отуруп тамактандык. Андан кийин тамагыбыз сиӊсин деп Бакыттын үйүнө чейин басып барганда "үйдү ремонт кылгам. Бир шкаф ашыкча болуп калды, алып кетпейсиӊби" дегенинен үйүнө кирдим. Ремонтун көрүп экөөбүз көпкө сүйлөшүп калдык. "Кеч болуп кетти, эртеӊ таӊкы эфирим бар" деп мен үйгө кеттим. Ал "эртеӊ, 13-ноябрда тоюм бар эле" деп да калды".  

Эртеси, 13-ноябрда тааныштарыбыз "Букаев тойго келбей жатат" деп издеп чыгышты. Анын кээде кан басымы көтөрүлүп кетмейи бар эле. Ооруп калган жокпу деп тынчсызданып, үйүнө бардым. Менде экинчи ачкыч бар эле. Биз кошуна жашайбыз. Келинчегим экөөбүз жер үйдө жашагандыктан, Бакыт "меникине келип жуунуп, кириӊерди жууп тургула" деп экинчи ачкычын берген.

Үйүнө издеп барганымда эшиги бек экен. Бирок үйүнүн свети жанып туруптур. Жарык күйүп тургандыктан, мендеги ачкыч менен ачып кирип барганымда сары кийими кызыл канга боёлгонун көрүп жүрөгүм түшүп калды. Дароо сыртка чыгып, эшикти жаптым. Эки мүнөт нес болуп туруп, анан милицияга кабарладым”,- деди Копоев.  

"Белгилүү тамада Бакыт Букаевди анын тааныштары өлтүргөн". Окуя боюнча ушундай гана версия каралып жатканын бүгүн бизге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышкер үйгө эшик аркылуу кирген. Учурда иликтөөчү топ Букаевдин жакын тааныштарынын арасында сурак жүргүзүүдө. Шектүү катары эч ким кармала элек. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

"Бакыт Букаевди аябай кыйнап өлтүрүшүптүр" дейт Нурдөөлөт Копоев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bopotik
2013-11-14 13:22:04
ой кудай сакта.эмне эле болуп баратат адамдар.
0
bishkek.kg
2013-11-14 14:43:50
бул ким элле айтып койгулачы бизге да
0
Aikokul85
2013-11-14 14:46:37
олтургон адамды арбайы тынч койбойт жайы жайлуу болсун.
0
Shekerbek
2013-11-14 15:10:00
экинчи ачкыч?????
0
Айдай
2013-11-14 18:03:52
эртеден бээри угуп эч ишенгим келбей жатат, абдан жаркылдаган шайыр адам эле, 2010 жылдары болуш керек корпоративдик отрушубузду эн мыкты денгээлде алып барган эле, колунуан белек алдым элем, мына бугун минтип кайдагы зоокурлордун колунан олгонун карасан, кудай жазасын берсин андай зоокурлордун!!!!!
0
RUSLAN.KG
2013-11-14 18:15:32
Баарына белгилуу шоу- бизнес дуйносундо, чыгармачыл адамдарда "нетрадиционная ориентация" коп кездешет. Ошондой тааныштарым бар, алардын айтымында белгилуу кыргыз эстрада, театр, теле-кино жылдыздары да ушул "темада". кездешет. Жогору да айтылган эки адам алардын арасында экенин уктум эле.
0
RUSLAN.KG
2013-11-19 03:28:28
RUSLAN.KG, ушул создорду жазып алып, же озгорто албай, же очуро албай жаман болуп атам. Биз бироонун жеке жашоосуна киришууго кандай укугубуз бар? Жогоруда жазылган создор учун Бакыт байкенин жакындарынан, тааныш-билиштеринен кечирим сураймын.
Жаткан жери жайлуу, жайы жаннаттан болсун.
0
Almabek
2013-11-14 18:22:22
1981-82жж алпаруучу, ырчы журналист жолдубай Кайыповду олтурушкон, бут Кыргызстан эли жаман абалда болушкан,мына эми арадан 30 жыл отуп дагы ушундай окуя кайталанып жатат, издеп таап, сот иштерин теледен корсотуш керек ошондогудай кылып.Арты кайл болсун Бакыт акенин.
0
nazimka
2013-11-14 18:56:07
Кылмышкер киргенде маркум тируу болгон,озу ачкан эшикти таанышы болсо керек да.
0
Wave
2013-11-14 19:06:51
nazimka, чын айтасын таанышы учун ачты да эшигин!(((
0
Azamatnur
2013-11-15 20:25:49
nazimka, Кылмышкер киргенде баардык адамдар тирyу болот да. Же кылмышкер келе жатат деп озун озу олтyрyп алмак беле?
0
bogot
2013-11-14 19:32:52
Beiyw bolsun jaiy
0
jyzka87
2013-11-14 19:50:19
окунучтуу.
0
Sabyraliev
2013-11-14 23:40:11
Бул ишти озунун кесиптештери эле кылды анын уйуно башка ким кирмек эле рекет криминал болсо бир жон уйунон олтургудой Букаевдин эмне куносу бар эле тойлорду жакшы алып барчу кыргыздар негизи эле ушундайбызда бироо жакшы болуп которулуп баратса эле королбай Актриса Таттыбуну деле чогу иштеген курбулары эле тынчытып койгон арактан берип туруп бул жинди болуп калды деп чым коргонго берип салган укол ала берип олгон дешет анан телевизорлорго чыгып алып билмексен болуп калышат ошондой эле Букаевдин ж
0
Baktyluu_Jigit
2013-11-15 00:15:48
эх жаткан жери жайлуу болсун арты кайрылуу болсун
0
RETRO
2013-11-15 01:21:47
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
jemchuk
2013-11-15 11:44:44
Заманабыз эме болуп баратат? жаткан жериниз жайлуу болсун Бакыт байке.
0
kosi
2013-11-15 22:58:34
макала эмес комментарийлер оозунду ачырат го... Бакыт байкенин жайы жаннаттан болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан