Бишкекте кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектеби курулат
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарына кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндөгү мыйзамга кол койгонун Президенттик аппараттын маалыматтык саясий бөлүмү маалымдады. Бул долбоор кыргыз өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы келишим болуп, долбоор Жогорку Кеңеште үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында кабыл алынган.