"Эркекче!" берүүсүндө "келинизация". "Жумуштун көптүгүнөн тишимди жууганга, ал тургай дааратканага барганга убакыт таппай калам..."

SUPER.KG порталында жана You Tube каналындагы “Эркекче!” ток-шоу берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы жарык көрдү. Бул ирет студияга эксперт катары келген психолог, теолог, блогерлер жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева менен биргеликте келиндердин үй-бүлөдөгү ээлеген орду тууралуу кызуу талкуу болду.

Келген коноктордун баары учурда жүзүн көрсөтүүгө даяр эмес болгон каарманыбыздын окуясына кулак салышты. Жүзүн жашырган каарман: "Үйдөгү жумуштун көптүгүнөн тишимди жууганга, ал тургай дааратканага барганга убакыт таппай калам...", - дейт.

Теолог Али Атамбеков “келинге кайненесинин көзүнчө өтө эркелетип мамиле жасабаш керек” десе, психолог Адинай Жапаралиева “кайын журту тарабынан басынтууга кабылган келиндер жакшысы жолдошу менен биргеликте өзүнчө бөлүнүп кеткени жакшы” деген оюн билдирди.

Ток-шоунун дагы бир коноктору блогер түгөйлөр Илияс менен Айтурган болсо “адамдын эң негизги баалуулугу - бул ден соолук менен эркиндиги. Аны адамдан алып койсо кантип жашайт, эркин жашоого эч нерсе жетпейт” деген тарапта экендигин билдирип өтүштү.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева “ар ким күнөөнү алгач өзүнөн издеши керек. Мен мисалы келинимдин кабагын карап турам. Ал дагы бирөөнүн эрке кызы. Аны биздин үйгө, биздин үйдүн жеке тартиптерине көндүрүп алуу менин милдетим деп эсептейм. Ар дайым келинимдин каалоолору менен эсептешем”, - деди.

Талкууну толугу менен видеодон көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан