Бүгүн, 26-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк маалымат күнү. Бул күн 1994-жылдан бери белгиленип келет. Маалымат күнүн белгилөө боюнча Бириккен улуттар уюмундагы экономикалык-социалдык кеңешинде жана Бүткүл дүйнөлүк маалыматтык парламентте башкы консультативдик статусу бар Эл аралык маалымат менен камсыздоо академиясы демилге көтөрүп чыккан.
1992-жылы дал ушул күнү маалымат менен камсыз кылуу боюнча Эл аралык форум болуп өткөн. Бүткүл дүйнөлүк маалымат күнүн дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери белгилеп келет.
26-ноябрдын жылнаамасы.