Токмоктогу №2-жатак үйүндө тарбияланган эки майып баланы тилемчилик кылдыруу үчүн мекеменин жетекчилиги Орусиялык жаранга сатып жиберген. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, октябрь айынын аягында аталган мекеменин директору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү эки баланы 500 долларга саткан. Бул балдар Москва шаарындагы жер астынан өтүүчү жолдо тилемчилик кылышмак. 28-октябрда балдар К.А. аттуу жаран менен Эл аралык “Манас” аэропортунан “Бишкек-Москва” каттамында учуп кетишкен. Андан кийин жатак үйдүн директору К.Ж. балдарды Токмок шаарында жашаган тууганы алып кеткендиги тууралуу документ жасаган.
11-ноябрда Токмок шаарынын прокуратурасы "адам сатуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду. Иликтөө иштери жүрүп жатат.