Алып баруучу Нурзат Токтосунова 27-ноябрга караган түнү көз жарды. Ал борбордогу төрөтканалардын биринде уул баланы жарык дүйнөгө алып келди. Бул туурасында өздүк булактар билдиришти.
Белгилей кетсек, Нурзат Токтосунова өзүнөн 5 жаш улуу мырзага турмушка чыкканын билдирген. Кийинчерээк кош бойлуу экенин айтып чыккан.