Жалал-Абад облусунун Сузак районунда изделип жаткан 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын жансыз денеси бүгүн, 27-ноябрда саат 17:30 чамасында табылган.
"Анын жансыз денеси суу аккан сайдын жээгинен табылды. Азыр милиция кызматкерлери иштеп жатышат", - деп маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымат үчүн: Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.