Жалал-Абад ОИИБи: "Сумаянын денесине жүргүзүлгөн алгачкы кароодо эч кандай жаракаттар байкалган жок"

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда изделип жаткан 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын жансыз денесине жүргүзүлгөн алгачкы кароодо эч кандай жаракаттар байкалган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"27-ноябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан телефон чалуу болуп, ошол эле райондун Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжолдуу 12 жаш курактагы кыздын жансыз денеси табылгандыгы кабарланган.

Бул маалымат боюнча Сузак РИИБинин жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу жансыз дене табылган жерге барышкан. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн убакта эч кандай жарааттар байкалган эмес. Ошондой эле табылган жансыз дене Сумая Хосилжанова экендиги такталган. Бул факты Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 27-ноябрда дайынсыз болуп изделип жаткан Сумая Хосилжанованын жансыз денеси табылган.

Маалымат үчүн: Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aika2013
2021-11-28 08:05:34
Туну менен уктабадым, 9 ай которуп 9 жыл бапестеп баккан Ата эненин наристесин 9 Кун издеп Бир заматта жоготуу эмне деген кыямат! Сабыр берсин! Дегени иликтоого профессионалдар тарттырылсын,болгон куч аракеттерди мамлекет органдар келишсин! Бул нерсенин бети ачылбаса,эртен дагы ушундай иш кайталанат! Ким кылса да жазасын алсын!
+11
Gulina00
2021-11-28 08:41:18
Табылып калса деп умут кылдым эле,кантип эле мектепке кетип аткан кыз олуп калат.Байкуш ата-энесине сабыр берсин.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан