Садыр Жапаров элди шайлоого активдүү катышып берүүгө чакырды

Бүгүн, 28-ноябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Саат 08:30га карата президент Садыр Жапаров Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесине добуш берүүгө келди. Өлкө башчы менен кошо анын жубайы Айгүл Жапарова да келип, өз тандоолорун жасашты.

Андан кийин президент кыска кайрылуу жасады. "Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси жүрүп жатат. Ошондуктан бардык жарандарды шайлоого активдүү катышып берүүсүн суранам. Ар бириңиздердин берген добушуңуздар менен балдарыңыздардын, өлкөнүн келечеги аныкталат", - деди өлкө лидери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан