Чет мамлекеттерде 10 шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров маалымат жыйында билдирди.
"Чет мамлекеттеги шайлоочулардын укугун камсыздоо үчүн ал жакта дагы шайлоо уюштурулуп жатат. 29 мамлекетте 59 шайлоо тилкеси ачылган, дагы 10 шайлоо тилкеси ачылып жатат. Орусиянын 5 шаарында, Түркиянын Анталия шаарында, Америкада, Италияда шайлоо тилкелери ачылган. Мурдагы шайлоого салыштырмалуу добуш бергендердин тизмеси 2,5 эсеге өстү. Шайлоо тилкелеринин саны көбөйдү. Мурда 45 шайлоо тилкеси болсо, азыр 59 шайлоо тилкеси түзүлдү", - дейт ал.