Орусиянын Эл артисти Александр Градский 72 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, артист түндө саат 02:10 чамасында каза болгон.
"Акыркы күндөрү ал өзүн жаман сезип, үйүндө болуп жаткан. Жума күнү аны ооруканага инсульт алды деген шек менен алып кетишкен", - деп жазылат маалыматта.