"Шайлоо ачык, таза өтөт деп ишенем". “Ынтымак” саясий партиясынын лидери Марлен Маматалиев добуш берди

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте “Ынтымак” саясий партиясынын лидери Марлен Маматалиев №13 мектептеги шайлоо тилкесинен добуш берди.

Ал №13 мектепте жайгашкан №1043 шайлоо тилкесинен добуш берди.

"Шайлоого келүү ар бир жарандын атуулдук милдети. Эл жакшы нерседен үмүт кылып турган чагы. Депутаттыкка татыктуулар келсе дейм. Анткени элдин тагдыры алардан көз каранды. Шайланган соң элди унутуп калбаган, чыныгы патриоттор келиши керек. Шайлоо ачык, таза өтөт деп ишенем. Президент өзү катуу чараларды көрүп жатат. Ар бир жаранды шайлоого чакырып кетмекчимин", - деди ал.

“Ынтымак” саясий партиясынын лидери Марлен Маматалиев добуш берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан