Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкандан кийин жумушчу сапары менен Ашхабад шаарына учуп кетти.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат деп белгилешти президенттик администрациядан.
Уюмга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат, ошондой эле Түркмөнстандын уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
- Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов;
- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү, Кыргыз жергесинин Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда кечинде Бишкекке келет.