Катуу шамалдан улам "Быстровка" көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы линиясынын мамысы кулап түштү
Кечээ, 27-ноябрда саат 22:52 чамасында "Быстровка" көмөк чордонунда жогорку чыңалуудагы 110 киловольттук "Орловка-1,2" линиясы өчүрүлгөн. Бул тууралуу "Кыргыз улуттук электр тармагы" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, катуу шамалдан улам темир-бетондон жасалган электр мамысы сынып калганы аныкталган.
"Учурда адистер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө, бардык керектөөчүлөр жана участкалык шайлоо комиссиялары башка электр чубалгыларына кайра тартылды. Окуя болгон жерге куткаруучулар тобу келип, атайын техникалар алып келинип, запастык жардам көрсөтүлдү.
Бирок катуу шамал ишти тез баштоого мүмкүндүк бербейт, анын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашат. Окуя болгон жерге барган бригаданын унаасын шамал оодарып кеткен. Шайлоо мезгилине карата кошумча бригадалар түзүлүп, жетекчилердин жана жооптуу адистердин нөөмөтү уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда Кыргыз улуттук Энергетика жана энергетикалык холдинг министрлигинин көрсөтмөсү менен күз-кыш мезгилинде күчөтүлгөн иштөө режимине өткөнүн белгиледи. Өзгөчө кырдаалдар учурунда электр менен камсыздоону оперативдүү калыбына келтирүү схемасын иштеп чыгуу менен авариялык-оңдоо запасы даярдалып, авариялык-куткаруу топтору күчөтүлгөн.