Галина Байтерек унаасы боюнча: "Унаа баарында бар, андан эмнеге сенсация жасап жатышат?"

Социалдык тармактарда президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтеректин BMW X6 унаасынын сүрөтү жарыяланып, унаанын жол эрежесин бузгандыгы үчүн 8 миң сом штрафы бар экендиги жазылып, талкууга алынган.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Галина Байтерекке байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Мен таң калып жатам. Эмне мынча мындан сенсация жасап жатышат? Учурда баарында унаа бар. Ал менин унаам жана аны көптөн бери айдап келем. Ал эми айып пулдар боюнча мага эч кандай каттар келе элек. Келген каттарды мен дайыма дароо төлөйм. Мен эмне себептен айып пулга илинип калгандыгымды билбейм, балким, ылдамдыкты жогорулаткан чыгармын. Эртең, дүйшөмбү күнү барып эмне себептен кат келген эместигин тактайм жана төлөп келем.

Унаам боюнча ким жазып чыгаргандыгын билбейм. Көптөн бери унаа айдайм. Мындан сенсация жаратыш үчүн учак менен учкан жокмун да. Бул унаамды бир нече жыл мурун жолдошум белек кылган. Үй-бүлөлүк белек. Унаа кымбат баалуу болгудай жаңы эмес, 2013-жылы чыккан. "Чымындан пил жаратып" чыгаргандарга таң калдым. Бул жөн гана кезектеги кара пиар болду окшойт", - деди Байтерек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2021-11-28 18:30:45
Байтеректин БМВХ6 бар жогу окшош эле го
0
Omyke
2021-11-28 19:19:53
Темселеп эле журдун элего ктркада Эми эле мурдунду которуп каласын Садырдын аяшы болсон эле балее болуптурбу деп айтайын дейсин ))
+1
Datka7777
2021-11-28 19:39:02
Omyke,ктркда эле машинасы бар эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан