"Арабызда ошондой адамдар болсо, анда өтө өкүнүчтүү". Адахан Мадумаров партиясынан добуш сатып алуу фактысы боюнча оюн билдирди

Адахан Мадумаров кечээ, 27-ноябрда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер №31 Дүйшембиева Элиза Бакытовна тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталган окуя боюнча буларды билдирди.

"Кечээ түштөн кийин Москвадан келип, кечинде бул маалыматты уктум. Тийиштүү органдар териштирүү иштерин жасап, чын-төгүнүн, ак-карасын, баарын орду ордуна коюш керек. Биздин партиядан болобу, талапкер болобу мыйзамда көрсөтүлгөн жазасын алыш керек. Эгер айыпсыз болсо кайра ордуна келиш керек. Биздин партия канча жылдан бери шайлоого катышып келе жатат, ошондон бери эң таза партиялардын бири. Эгер арабызда ошондой адамдар болсо, анда өтө өкүнүчтүү.

Эгер талапкердин күнөөсү далилденип калган болсо канча добуш алган, албаганына карабай катардан чыгарабыз", - деди Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан