Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Бүгүн, 28-ноябрда аталган аймакка балатынын өзөгүн түзгөн жабдыктар түшүрүлдү.
Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, балатыны орнотуу иштери "Бишкек жарык" жана "Тазалык" муниципалдык ишканалары тарабынан жүргүзүлүүдө. Балатынын бийиктиги 25 метрди түзүп, ага 1 миң 400 даана ийне жалбырактуу бутактар илинет. Ал эми борбор калааны Жаңы жылга карата кооздоо иштери декабрь айынын ортолоруна чейин аяктарын кошумчалашты мэриядан.
Эске салсак, ар жылы Жаңы жыл майрамын утурлай "Ала-Тоо" аянтына өлкө боюнча эң бийик жаңы жылдык балаты орнотулат. Былтыркы жылдагы балатынын бийиктиги 25 метрди түзгөн.