Эртең саат 10:00-14:00гө чейин Эне-Сай, Дордой, Дордой-2 конуштарында электр энергиясы берилбейт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле жарык берүү айнек заводунун районунда жана Курманжан датка көчөсүндө саат 12:00-17:00гө чейин токтотулат. Ал эми саат 9:00-17:00гө чейин Түштүк магистраль жана Бах көчөлөрүндө, Төмөнкү Орок, Чоң-Арык конушунда электр энергиясы өчүрүлөт. Эске салсак, маал-маалы менен электр энергиясын өчүрүү оңдоо иштери менен байланыштуу.