Бүгүн, 28-ноябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Добуш берүү процесси эртең мененки саат 08:00дө башталды.
Айрым тилкелерде бюллетень салуучу электрондук урналар иштебей, мүчүлүштүктөр жаралса, айрым тилкелерде жарандардын чуусу дагы орун алды. Алсак, Бишкек шаарындагы №1009 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын бири бюллетенди бүктөп ыргытып, ызы-чуу чыгарды.
"Мен бир мандаттуу шайлоо округдан талапкерге добуш берейин дегем. Ал эми шайлай турган талапкерим тизмеде жок. Мен эми эмне кылам? Ар бир добуш маанилүү болсо керек", - дейт шайлоочу.
Ал эми аталган тилкенин төрайымы добуш берүүчүнүн кылган аракети туура эмес экендигин айтып, акт түзүлүп, бюллетенди жараксыз деп тапты.