Шайлоо: Клара Сооронкулова добуш берди. "Адамдардын аң сезими өскөн учурда таза шайлоо өткөрө алабыз" дейт ал

Бүгүн, 28-ноябрда "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Клара Сооронкулова Бишкектеги №1217 шайлоо тилкесинен добуш берди.

"Мен атуулдук милдетимди аткарып, добуш берүүгө келдим. Азырынча шайлоо тынч өтүүдө. Биздин байкоочулар шектүү адамдарды байкап жатышканын айтып жатышат. Демек, бул мурункудай массалык түрдө болбосо да, добуш сатып алуу жүрүп жатканынан кабар берет. Адамдардын аң сезими өскөн учурда таза шайлоо өткөрө алабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
azamat_tabaldiev
2021-11-28 12:17:48
Мыйзам боюнча шайлоо бутконго чейин т.е саат 20.00 го чейин кимге добуш бергенин айтканга болбойт болуш керек, мыйзам бузганга барабар болуш керек, юристтер болсо тактап корсо жакшы болмок.Анткени ушул убакытка чейин кимге добуш беришин чече элек атуулдар бар, ал эми жогорудагы айтып жаткан шайлоочунун тарапташтары саясатташтарына ачык угуттогондой ой калтырып жатат.
0
aslan_akjol89
2021-11-28 12:23:48
azamat_tabaldiev,кимди шайлаганынды шайлоо буткучо айтпа деген мыйзам жок болсо керек.Окубагам эч жерден.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан