Бүгүн, 28-ноябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жараяны өтүүдө. Бул жолку шайлоодо буга чейин болуп келген административдик ресурс колдонууга жана жарандардын добуштарын сатып алууга каршы бир катар жаңы эрежелер киргизилген. Ага карабай социалдык тармактарда мыйзам бузууга аракет жасады делинип шектелген добуш берүүчүлөрдүн видео, сүрөттөрү жана маалыматтар тарай баштады.
Социалдык тармактарда Бишкек шаарында белгисиз бир аял шайлоо бюллетенди сүрөткө тартып, WhatsApp группаларга жөнөтүп жаткан жеринен кармалды делген видео тарады. Окуя калаадагы №1148 шайлоо тилкесинде орун алганы айтылууда. Видеодон шайлоочу аялдын телефонунда атайын группалар бар экендигин баамдап, көрсөтүп жаткан балдарды көрүүгө болот. Ошондой эле:
Балдар: "Эже, биз милиция чакырабыз".
Шектелген аял: "Мен группаларга эч нерсе салган жокмун. Жөн гана кимдерди шайлаганын көрөйүн дедим".
Балдар: "Айырма жок. Мына группалары (ред.WhatsApp) бар экен. Балдар карагыла".
Шектелген аял: "Болду, болду. Акырын-акырын эле".
Балдар: "Жок. Бул жакта группадан добуш сатып алуу экендиги көрүнүп турат. Кайсы партия экендигин биле албайбыз. Мына группалардан келген..." деген сөздөр даана угулат.
Шайлоочуларды ташуу аракети болуп жатат делген дагы бир видеону социалдык тармактын колдонуучуларынын бири бөлүштү. Андагы маалыматка караганда, окуя Сокулук районундагы №7215 шайлоо тилкесинде катталган. Анда белгисиз бир аялдын телефондо "Азырынча кереги жок. Ал (ред. бир адамдын ысымын атап) жетишпей жатат. Ал жаңы эле алып келди. Кировдон Темир жолго алып келди", - деп сүйлөшүп жатканы жашыруун видеого тартылып алынган.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев да Твиттер баракчасына борбор калаадагы №1117 шайлоо тилкесинде атайын мөөр басылган бет каптарды тагынган топ шайлоочу келип, добуш берип жатканын жазып, сүрөттөр менен бөлүштү.
"Байкоочулар Бишкектеги №1117 шайлоо тилкесине медициналык бет кабында мөөр басылган адамдардын тобу келгенин билдирүүдө", - деп жазган Дастан Бекешев.
Белгилей кетсек, №1117 шайлоо тилкеси Бишкектин Жантөшев көчөсүндөгү Кыргыз улуттук консерваториясында жайгашкан.