Ошто шайлоочуларды ташып жатат делген кичи автобустун айдоочусун милиция кармады

Ошто шайлоочуларды ташып жатат делген кичи автобустун айдоочусун милиция кызматкерлери кармап кетишти. Бул тууралуу ОШ ШИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, №4316 тилкеде шайлоочуларды кичи автобус менен ташып жаткандыгы тууралуу Фейсбук баракчасына интернет колдонуучу жазган. Бул маалымат боюнча, Ош ШИИБинин басма сөз катчысы: "Бизге шайлоо участкага кишилерди кичи автобус менен ташып жатат деген маалымат түшкөн. Айдоочуну кармадык, азыр бөлүмгө алып барып сурайбыз. Маалымат чын чыкса, чара көрөбүз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан