Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев №1117 шайлоо тилкесине белгиси бар бет кап тагынган топ келгенин социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов текшерүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. "Ооба, бир аял жана бир эркек кишинин бет кабында белги болгон. Муну толугу менен текшерип чыктык. Эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес", - дейт ал.