Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ысык-Ата районунун Люксембург айылына барып добуш берди. Ал добуш бергенден соң жалпы жарандарды татыктуу талапкерлерди шайлоого чакырып өттү.
“Шайлоо боюнча адамдардын аң-сезимдеринин өнүккөндүгү кубандырат. Жакшы маанайлары, өз каалоолору менен келип добуш берип жатканы кубантты. Азыркы шайлоо системи жарандарга пропорционалдык жана можаритардык тутум менен каалаган талапкерин тандоого мүмкүндүк берет. Ошондуктан мен жарандарды мыйзамдардын иштеши, парламенттин өнүгүүсүнө, калыпка салынуусу үчүн конкреттүү талапкерге добушуңарды берсеңиздер деп чакырып кетет элем”, - дейт БШКнын төрайымы.