Өмүрбек Текебаев: "Шайлоо өнөктүгүндөгү кемчилик - президент баш болуп, УКМК төш болуп айрымдарды коркуткандыгы"

"Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Текебаев добуш бергенден кийин маалымат каражаттарына берген маегинде бүгүнкү шайлоо күнүн өлкөнүн жана биздин тагдырыбызга таасири тие турган күн деп баштады. Шайлоо мыйзам чегинде өтүп жаткандыгын жана эркин шайлоо болуп жатканын билдирди.

“2011-жылдан баштап шайлоо системасы реформаланып баштаган, мурун шайлоочулар келеби, келбейби бардык иш шайлоо участокторунда эле бүтчү. Өзгөчө былтыркы шайлоодо болуп көрбөгөндөй массалык сатып алуулар болгон. Мындай нерселерди бул шайлоодо сатып алууларды минималдаштырганга аракет кылышты. Мындай дегеним баарын аны бир күндө эле токтотуу кыйын. Бул маданияттын бир бөлүгү болуш керек. Кынтыксыз, эч сатып алуулар жок болду деп айтуу кыйын. Ал эми шайлоо компанияларында акчанын орду мурункудай эле чоң. Эң негизги кемчилик – бүгүнкү бийликке макул болбогондорду мамлекет башчысы баш болуп, УКМК төш болуп, кээ бир учурда фамилия аттарын айтып коркуткандыгы болду. "Шайлоо да болот шайлоонун эртеси да болот, көрөбүз, камайбыз" деп. Мына ошол шайлоо да келди. Мунун өзү потенциалдуу талапкерлерди коркутуп, кызыл жарык күйгөн партияларга барбай, жашыл жарык күйгөн партияларга берүү этабында башталды. Мыйзамды бузуу, адилетсиз шайлоонун элементтерин партиялар тизме түзө баштаганда эле байкалды.

Бийлик жакшы ниети менен шайлоонун таза болушуна аракет көрүп жатат, бирок баары бир күндө эле оңолбойт, муну моюнга алышыбыз керек", - дейт Текебаев.

“Президент жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө буйрук берип "добуш берүүгө керек болсо колунан жетелеп келгиле" деди. Ал жакшы ниети менен эле айтты, бирок ал мыйзамга каршы келет. Менин сөзүм - эркин шайлоолор”.

Мындан тышкары "Ата Мекен" партиясынын лидери шайлоодо өтпөй калса же өтүп калса кандай болот деген суроого төмөндөгүдөй оюн билдирди.

“Биздин партия кандай болгон күндө да ишин уланта берет. Бүгүн коомдук бийликтин күчү болуп көрбөгөндөй көтөрүлгөн. Коомдук пикирге болгон мамлекеттик монополия жок, ар бир колунда телефону бар адам маалымат булагы боло алат. Ушул шартта парламентте болбой туруп деле таасирдүү партиялардан боло алабыз. Ал эми парламентте болсо оппозициялык сырттагы партиялар маалыматты кандай издесе өздөрү издейт да. Маалымат боло электе эле өкмөттүн ниетин парламент билип коёт. Ниетин билгенде ооруй электе эле диагнозду алдын ала айтып койгондой да. Ооруп кеч болуп калгандан кийин алдын ала айтуу, токтотуу кыйын болот”, – деди Текебаев.

Эске сала кетсек, "Ата Мекен" партиясынан талапкер Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук №1214 шайлоо участкасында саат 11:00дө келип, жубайы Айгүл Текебаева экөө добуш беришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mister-XXX
2021-11-28 16:07:09
Теке сен озун дем алсан жакшы болмок.Ар жерде тополон чыгара бербей.
0
Kuban-1207
2021-11-28 16:20:36
Чыр баш Теке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан