Саат 20:00. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге добуш берүү аяктады


Бүгүн, 28-ноябрь саат 20:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктап, бардык шайлоо тилкелери жабылды.

Добуш берүү жараяны эртең менен саат 08:00дө старт алып, жалпы 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандарын тейледи. Учурда добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналар эсептеп жатат. Анын жыйынтыгы алдыңкы сааттарда айтылат.

Андан соң БШК добуштарды кол менен санап, акыркы жыйынтыктарды 18-декабрга чейин угузат.

VII чакырылышка жалпы 90 депутат өтөт. Ага 21 партиядан талапкерлер жана бир мандаттуу шайлоо округунан 286 талапкер ат салышты. Анын ичинен 54 мандат партиядан коюлган талапкерлерге берилсе, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдан жеңип чыккандар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
emirchik
2021-11-28 20:06:00
Бутун Кыргызстан Алдыда
+2
Aibek_eka
2021-11-28 20:09:14
Бутун Кыргызстан алга
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан