Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Учурда автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын алдын ала жыйынтыктары чыгууда. БШКнын маалыматы боюнча, "Ата-Мекен" партиясы 5 пайыздык босого пайыздан өткөн алты партиянын катарына кирбей калды. Бул боюнча партия лидери Өмүрбек Текебаев төмөнкүлөргө токтолду.
“Бүгүн таң атканга чейин участоктордон кетпей кол менен эсептеткенге аракет кылалы. Ошондо фальсификациянын изи көрүнөт. Эгер эртең мененкиге чейин кол менен эсептелбесе, анда түнү менен бюллетендер алмаштырылды деп биле бергиле. Тажрыйбада көп шайлоону көрдүк, мындай шайлоону көргөн эмесмин. Былтыр туура, сатып алуулар болгон. Кол менен да эсептешкен, сатып алып келип салышкан ошол чыккан. А бүгүн мунун баары фальсифакцияланып, системаны жок кылып, 2 эсе кылып баарын өзгөртүп койду. Ушул цифраларды мага кечээ бир журналист чалып, "Эдил Байсалов чалды. Бул партиялар өтөт экен, "Ата Мекен" өтпөйт экен" деп айтты. Азыркы чыккан пайыздар так ошол Байсаловдун түндө айткан цифраларына дал келет.
Туура, "Ата Мекен" 3 жарым пайыз болот экен. "Азаттык" 4, 85 пайыз болот экен деген экен. Так ошолордун баары таң калычтуу образ менен көрүнүп турат. Бул бийликке чоң сокку болот. Мындай болушу мүмкүн эмес. Шайлоо бийликтин авторитетине эң чоң сокку болот. Эл ушул шайлоонун жыйынтыгына ишенеби же ишенбейби. Ачыктан ачык манипуляция болду. Бул бийликтин саясий моралдык укугу азаят дегенди билдирет. Биз азыр башка коллегаларыбыз менен жолугушуп Кыргыз өлкөсү боюнча кырдаалды тактап чыгалы”.