Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланды

"Чакан ГЭС" ачык акционердик коому Талас районундагы Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлайт.

"Гидроагрегаттарды, турбинага чейинки дарбазаларды, башкаруу панелдерин, коргоо системаларын жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын сатып алуу пландаштырылган. Тендердик табыштамаларды баалоо критерийлери, квалификациялык талаптар, техникалык жана атайын талаптар тууралуу кененирээк маалыматты мамлекеттик сатып алуулар порталынан тапса болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Конкурстук арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 14-декабрга чейин.


Эске салсак, Садыр Жапаров август айында Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" ГЭСинин курулушуна капсула салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан