Шалдыроо, жүрөктүн тез согушу. Коронавирустун жаңы штаммынын белгилери айтылды

Буга чейин коронавирустун жаңы штаммы омикрон тууралуу алгач Түштүк африкалык дарыгер Анжелик Кутзее биринчи болуп маалымдаган. Бул ирет дарыгер аталган штаммдын белгилери тууралуу ооз ачканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, оорунун алгачкы белгилери кадимки коронавирустан айырмаланып, кыйла жеңил сезилет.

COVID-19 менен жабыркап келген бейтаптардын айтымында, оорунун белгилери буга чейинки коронавирустан айырмалана баштаган. Ошондон улам дарыгерде коронавирус дагы бир ирет мутацияга туш болду деген ой пайда болгон.

Бейтаптардын көпчүлүгү шайы кетип жаткандыгын айтышса, 6 жаштагы баланын дене табы жогору жана жүрөгүнүн согушу өтө тез болуп жаткандыгы байкалган.

Бирок эч бир бейтап жыт менен даамды сезбей калганын айткан эмес.

“Бул белгилер мен билген коронавирустан кыйла айырмаланып жатты жана жеңил формада эле”, - дейт Кутзее.

20га чукул эркек кишилердин тапшырган анализдеринин жыйынтыгында алар жаңы штамм менен жабыркап жатышкандыгы аныкталган. Бейтаптардын дээрлик бардыгы болгону чарчаңкы абалда болуп жатышкандыгын белгилешкен. Алардын тең жарымы эмдөөдөн өткөн бейтаптар экен.

А бирок оорунун белгилери эмдөөдөн өтпөгөн, жашы өтүп калган, түрдүү өнөкөт оорулары бар адамдарда оор формада өтүшү мүмкүн экендиги айтылууда.

Омикрон штаммы

Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, оорунун белгилеринин өзгөрүшү анын антителаларга туруштук бере ала тургандыгынан кабар берет. Бирок азырынча бул тууралуу так айтууга али эрте.

Оорунун бул түрү алгач иммунитети төмөн адамдарда өрчүгөн болушу мүмкүн, божомол менен ал адамдар СПИД же ВИЧ оорулары менен жабыркагандар экендиги кошумчаланды.

Чет элдик массалык маалымат каражаттары Түштүк Африкада 100гө чукул кишиден коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын айтып чыгышты. Бир нече бейтаптар Израиль, Германия, Гонконг, Чехия, Бельгия, Улуу Британия, Нидерланды, Австрия, Австралия жана Италияда дагы учураган.

Жума күнкү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалга байланыштуу отурумунда бул штамм “тынчсызданууга татыктуу” деген деңгээлде каралып ага омикрон аттуу ысым ыйгарылды.

Евробиримдик жана бир топ башка өлкөлөр Түштүк Африканын айрым өлкөлөрүнөн кирүүгө тыюу салышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан