Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
"Ал ооруканадан чыккан. Азыр үйүндө. Дагы бир аз дарыланып алып, андан соң жумушуна чыгат. Ал эми Нарын шаардык мэриясы штаттык режимде иштеп жатат", - деди ал.