"Митингге атайын ток кызыл түстөгү көйнөгүмдү кийип келдим" дейт Токтайым Үмөталиева

Бүгүн, 29-ноябрда шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиянын лидерлери, өкүлдөрү БШКнын алдына митингге чыгышты. Нааразы болгондор шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Анда Токтайым Үмөталиева митингге ток кызыл түстөгү көйнөгүн кийип келгенин айтат.

"Белгилеп кетким келет, урматтуу Садыр Жапаров, 60 тобуңузду өчүрүп коюңуз. Президент тарабынан түзүлгөн топтор акыркы 3 күндө бизди каралоо менен алек болушту. Бүгүн ошолордун баарын тез арада өчүрүп, партия лидерлерин чогултуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу керек. Болбосо абал жаман. Мен бүгүн атайын ток кызыл түстөгү кийимимди кийип келдим. Бул республиканын бүгүнкү күндөгү климаты. Дагы бир аз убакыт өтсө түс өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Бүгүн ак тилек менен келдик, жаман айтпайбыз. Бизге элдин, өлкөнүн тынчтыгы керек", - дейт Үмөталиева.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталды.

Добуш берүү жараяны эртең менен саат 08:00дө старт алып, жалпы 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандарын тейледи.

Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакыт иштебей туруп калган.

VII чакырылышка жалпы 90 депутат өтөт. Ага 21 партиядан талапкерлер жана бир мандаттуу шайлоо округунан 286 талапкер ат салышты. Анын ичинен 54 мандат партиядан коюлган талапкерлерге берилсе, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдан жеңип чыккандар болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
med1983
2021-11-29 15:53:46
атлас штаныны дагы кийдинби
+8
XATSAN125
2021-11-29 16:02:51
Койнок кийесинби асты усту комбинизон кийесинби бизге баары бир да
+11
asefsa
2021-11-29 16:15:23
Ушулар куйгуздуда
+4
KG-312
2021-11-29 16:18:30
Бул лгбтлардын светиби ошондо?
+3
Rusi79
2021-11-29 16:18:34
Бул катын учун любой митинг майрам да.
+4
Ruma
2021-11-29 16:40:49
Кызыл турса кийип келбейсинби
+2
Ozgocho111
2021-11-29 16:42:53
Акылбек Жапаров ак калпак кийип келет,бул ток кызыл койнок кийип келсе, дагы ким эмне кийип келиптир, жаза тушкуло....
+3
Munir81
2021-11-29 16:54:25
Голый келбептир
+3
al-abu-kinesz
2021-11-30 01:08:41
Ошский рынокто ошондой кызыл койнок сатып отурган эле жарашат сага.
-1
amirrus
2021-11-30 11:41:19
Турсачан келсениз деле жараша берет сизге,обу жок арсыз катын...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан