Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын өкүлдөрүн чакырып, сайты иштебей калганы боюнча толук маалымат берет. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова нааразычылык билдирип чыккан саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылып жатып айтты.
Ага ылайык, БШК расмий сайтында маалыматтарды көрсөтүүдөгү мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурайт.
"Бирок биз ар бир автоматтык эсептөөчү система (АЭС) колдонулган добуштарды эсептөө системасынын ишенимдүүлүгүнө кепилдик беребиз. Ар бир AЭСдан маалымат чогултуу программасы так жана туура иштейт.
Учурда добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары гана жарыяланды. Бул шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, эч кандай юридикалык мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналат. Мыйзамга ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат.
Учурда кол менен эсептөөнүн протоколдорун кабыл алуу улантылууда. Белгиленген тартипте шайлоонун маалыматтары сайтта жарыяланып турат", - деп жазылат БШКнын сайтында.
Саат 18:15ке карата кол менен эсептөө 410 шайлоо участкасынан келип түштү. Бул өлкө боюнча жалпы участкалардын 16,44 пайызын түзөт.
Белгилей кетсек, кечээ шайлоо тилкелери жабылган соң БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакытка
иштебей туруп калган.