"Боорум ооруйт". Садыр Жапаров добушун эмнеге камактагы Равшан Жээнбековго бергенин айтты

Президент Садыр Жапаров добушун эмнеге камактагы Равшан Жээнбековго бергенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Мага көптөгөн дос-тааныштарым суроо берип, айрымдары добушуңузду Равшан Жээнбековго бербестен мага берип койсоңуз эмне болот элеңиз деп таарынып жатышат. Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет.

Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система, анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек. Ал эми эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенимдин себеби төмөнкүчө. Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин акыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким, өтүп кетсе, камактан чыгып калар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат. Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экенмин", - деп жазды Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Simels
2021-11-29 16:20:35
Садыр Нургожоевич сизге ден соолук, ишиңизге ийгилик!!! Баардыгын туура кылып жатасыз! Көрө албаган саткындар сүйлөй берет андайлардын сүйлөгөнү к.. үйлөгөнү!!!
+1
aslan_akjol89
2021-11-29 16:29:19
Мага эч айырмасы жок гейлерди колдогон адамды колдойбу жокпу.Бирок,гейлерди жек кором
0
suban78
2021-11-29 16:37:56
Азаматсыз урматтуу президеньт мырза.
-7
Aza2100
2021-11-29 17:20:20
Президент жөнөкөй да, бюллетенин да көрсөтүп алыптыр
-6
Katrina.
2021-11-29 17:33:58
Просто издевательство.
+8
Felice41
2021-11-29 17:42:41
Чын жүрөктөн боору ооуса. Түрмөдөн чыгарып деле койсо болмок.
+1
Antiradikal10
2021-11-29 18:29:57
Жениш Молдокматовго боору ооруганы учун каматтыбы Жапаров аны? Бийликти басып алууга аракет кылган дейт. Анда эмнеге Ташиев досу экоо бийликти басып алуу беренеси боюнча оздору соттолбойт ыя?

Боору ооруйт имиш.....
+2
Asyl.jazi
2021-11-30 14:02:33
Antiradikal10,ушу сени. Этият бол, "Ойноп суйлосон да, ойлоп суйло", "буттан жанылган турат, тилден жанылган турбайт" - деген макал бар. Сен дагы баягы Сыдымандай болуп журобо, тооба кылдым.
0
forever88
2021-11-29 21:02:49
Шоу
+2
modem4999
2021-11-29 21:30:31
Келтирет да президентибиз
+4
zamir_kgz
2021-11-30 03:27:54
Ажонун деңгээлинде болбоптур бул жагы. Көпчүлүк катары жашыруун шайлап койсо болмок. Саясий рейтиңгине залакасы тиет албетте. Казанга жакындасаң карасы жугат дегендей, жамандыктан алыс жүрүңүз кантсе да биз сизди шайладык албетте Аксакалдарыбыздын сунушу менен.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан