Бүгүн, 30-ноябрга карата "Ордо" саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров дагы деле дайынсыз

"Ордо" саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров дагы деле дайынсыз. Бул тууралуу SUPER.KG порталы "Ордо" саясий партиясынын мүчөсү Мирлан Мамытовго байланышканда билдирди.

"Бүгүн, 30-ноябрга карата Мирбек Мияров дайынсыз. Ага карата издөө иштери түндө башталган", - деди Мамытов.

Буга чейин Мирбек Мияровдун дайынсыз болуп жатканын партиялашы Жанчар Сейитбеков билдирген. Айтымында, Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп, телефону өчүрүлгөн. Учурда аны тарапташтары, партиялаштары, туугандары издеп жатканын айткан.

"Ордо" партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан. БШКнын акыркы маалыматы боюнча "Ордо" партиясы 0.45 пайыз добуш ала алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
EddieNigma
2021-11-30 10:31:58
Авамдын убагында эки жакты карап жүрөйүк туугандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан