Орус өлкө башчысы Владимир Путиндин бир эмес, бир нече иттери бар. Алардын көбүн белекке алган. Мисалы, бул Конни аттуу итти ага орус мамлекеттик ишкери Сергей Шойгу белек кылган.
Ал эми бул болгариялык овчарканы аталган өлкөнүн саясатчысы Бойко Борисов тартуулаган.
2013-жылы өзүнүн сүйүктүү үй жаныбарлары менен сейилдеп жүргөн учурунда тартылган сүрөт.
Алабай породасындагы бул күчүктү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов белекке берген.
Жогоруда айткандай итти жакшы көргөн мамлекет башчылар аз эмес. Төмөндө дүйнө лидерлеринин сүрөттөрү менен бөлүшөбүз.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да итти жакшы көрөрүн бул сүрөт далилдейт.
Ал эми Франциянын президенти Эммануэль Макрон өзүнүн ити менен кадимкидей сүйлөшөт. Бул сүрөт 2017-жылы Германиянын канцлери менен болгон жолугушуусунда тартылган.
Чехиянын өлкө башчысы Милош Земан жана анын ретривер породасындагы Дарси деген ити.
Англиянын ханайымы Елизавета II да итти жана атты жактырат. Чет элдик басылмалардын жазганына караганда, жаныбарларды багуу ага ырахат тартуулайт.
Тулпар таптагандардын катарына Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров да кирет. Эске салсак, 2017-жылы кыргыз жигити ага өзгөчө аргымак тартуулаган.
Күлүк баккан дагы бир президент - Гурбангулы Бердымухаммедов. Түркмөнстандын эл башчысы тулпар минип жөн гана сейилдебестен, ат жарышка катышкан учурлары да болгон.
Гурбангулы Бердымухаммедовдун Ахалтекин породасындагы аргымагы арткы эки буту менен 10 метр аралыкты 4,19 секундда басып өтүп жаңы рекорд койгон. Бул жетишкендиги үчүн сертификатты "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлү Шейда Субаши Гемиджи тапшырган.