"Ордо" саясий партиясынын лидери Мирбек Мияровдун дайыны билинди. Ал тоого кеткен. Бул тууралуу партиядан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Ал тоого малын караганга кеткен. Ал жактан телефону өчүп эч ким менен байланыша албай калган. Бул боюнча жубайына айткан, ошол үчүн ал милицияга кайрылган эмес", - деди партиядан.
Ал эми бүгүн, 30-ноябрга карата Мирбек Мияров дагы деле дайынсыз экенин "Ордо" саясий партиясынан билдиришкен.
Буга чейин Мирбек Мияровдун дайынсыз болуп жатканын партиялашы Жанчар Сейитбеков билдирген. Айтымында, Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп, телефону өчүрүлгөн. Учурда аны тарапташтары, партиялаштары, туугандары издеп жатканын айткан.
"Ордо" партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан. БШКнын акыркы маалыматы боюнча "Ордо" партиясы 0.45 пайыз добуш ала алды.