Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 1-январдан тартып 50 тыйындан төлөйт. Бул тууралуу энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин тапшырмасына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр кубаты үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта 50 тыйындан төлөйт.
"Эгерде керектөө 700 киловаттан ашса тариф 2,16 сом/киловатт деңгээлинде сакталат. Учурда энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы боюнча отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги буга чейин бекитилген орто мөөнөттү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизүү багытында иш жүргүзүүдө. Документ даяр болгондо макулдашуу үчүн министрлер кабинетине жөнөтүлөт", - деп жазылган маалыматта.