Алтынбек Сулайманов: "Мектеп сала бербей, мектептерге спорт зал ачып берүү керек"

Депутат Алтынбек Сулайманов бир айылга эки мектеп салынып жатканы туура эмес экенин айтып, билим берүүнүн эффективдүүлүгүнө көңүл бурууну өкмөт башчыга табыштады. "Азыр айрым кыйындар өзү каалагандай кылып айылдарга мектептерди куруп берүүдө. Мектептердеги билим берүүнүн сапатын жакшылап анализдеп чыгыш керек. Мисалы, мен окуган мектепте СССР учуранда 700 окуучу билим алса, учурда 400 гана окуучу бар",- деди Сулайманов. Депутат өтө зарылдыгы жок мектептерди куруунун ордуна, спортзалы жок мектептерге спортзал ачып берген пайдалуу экенин баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан