Ош облусунда 10 күн аралыгында 36 мас айдоочу кармалды

Ош облусунун аймагында "Жасалма мамлекеттик белги" жана "Карайтылган айнек" аталыштагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, рейд 19-ноябрдан 30-ноябрга чейин улантылды.

Рейд учурунда Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бузуулар Кодексинин негизинде 1532 айдоочуларга карата протоколдор түзүлдү. Анын ичинен:

  • унаасын спирт ичимдигин ичип алып башкарган 36 айдоочу кармалган;
  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкарган 46 айдоочунун унаалары айып короосуна токтотулган;
  • автоунаанын алдыңкы айнегин караңгылатып жүргөн 9 айдоочуга протоколдор түзүлдү.

Рейд уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан