Орусиялык белгилүү "Поле чудес" долбоору эфирге чыкпай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Биринчи канал "Поле чудес" долбоорун тарткан "ВИД" телекомпаниясы менен келишимди узартпоону чечкен. Анын ордуна шоуну жаңы форматта тартуулоону көздөп жатышат.
Телеканалдын жетекчилиги мындай чечимди "каналга сунушталган өзгөргөн шарттар боюнча жаңы келишим түзүү максатка ылайыксыз" деп түшүндүргөн. Ал эми шарттарда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы тууралуу маалымат айтылган эмес.