Өмүрбек Текебаевдин жоголгон телефону УКМКнын имаратына жакын жерде табылганы айтылууда

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жоголгон телефону УКМКнын имаратына жакын жерде табылды. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов Фейсбук баракчасында жазып чыкты.

"Текебаевдин телефону дайыма жайгашкан жерди аныктоо программасында болчу. Кол салуу учурунда Өмүрбек Текебаевдин колунан телефонун жулуп кеткен. Кол салуудан кийин ал кайсы жерде табылып жатканын караңыздарчы. Бул аймакта бир гана базалык станция бар. Суроо жаралат: Эмне үчүн телефон УКМКнын аймактык базасында?", - деп жазып калтырган ал.

Маалымат үчүн:

Бүгүн, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Samash-87
2021-12-01 20:15:00
Бу текенин өзүнүн эле уюштурган спектакли, былтыркы Атамбаевге окшоп жатат
+6
modem4999
2021-12-01 20:21:09
Samash-87,озу уюштурса бат эле таап чыгышмак
0
Pchelka85
2021-12-01 20:26:22
Ой жомооок.. уялышса боло.. тынчытчу киши эч ким жокто уктап аткан жеринен эле тынчытып коет. Надо будет.. даже озунун ажалы менен болуп калат.. карапайым адамдарды ушунчалык тупой кылып алышат. Озулору уюштуруп алып.. лично я не верю...
+2
Scorpion_09
2021-12-01 20:33:17
Канат Хасанов ,элди мал ойлойсунбу ? Озунордун кишинер эле жулуп озу ошол жерге таштады , теке озу айткандай анын эски телефону кимге кереги бар эле ? Значит уюшулган спектакль озунордун ... УКМКАГА керек болсо ,чакыртып эле сурап алмак ,ар кимге жалдырап суратпай эле ... Цирк да жон эле
+2
orun
2021-12-01 20:34:45
Точно текебаевдин спектакли, көрүнүп эле турат көр кишиге да.
+3
Gold81
2021-12-01 21:06:17
Текебаев ушул жол менен элди которуп тонкоруш кылам деп жатат! У тебя не получится Текебаев, ты для Кыргызов ни кто!!!
+1
Fernando_Torres
2021-12-01 21:23:41
Бирин бирини олтургучо тажик менен согушуп өлолу биздин жаранды сабап кетишти
+5
Asmat84
2021-12-01 21:38:40
Эмнеси болсо да уят эле
+4
Kolyaa
2021-12-01 21:40:50
Акырындаан бийликти күнөөлөй башташты.Текени баары эл билип калган бул жомогуңарга эчким ишенбейт.
+2
Kolyaa
2021-12-01 21:50:44
Шойлоодо бийлики алабыз дегендердин главныйлары дал ушулар Теке,Сооронкулова,Тилек Шайлоодо чыр чыгарсак, өтпөй калган партиялар бизге кошулат бийликти басып алабыз деп ойлошкон.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан