Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырда бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевге байланышканыбызда билдирди.
Анын айтымына караганда, учурда жаракат алган тургундун абалы туруктуу.
"Бүгүн саат 16:30 чамаларында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын тургуну өзүнүн ири мүйүздүү малын издеп, Тажикстандын Сомониён участкасы жакка өткөндө Тажикстандын жарандары кармап алып, сабап коюшуптур. Андан соң ички иштер органдарына өткөрүп беришкен.
Эки тараптуу сүйлөшүүнүн негизинде ал жараныбызды өткөрүп алдык. Денесинде жаракаттар бар экен, учурда ооруканада дарыланууда. Абалы туруктуу.
Окуядан кийин биздин 20-30га чукул жаран нааразычылык билдирип чыгышкан. Кийин түшүндүрүү иштери жүргөндөн кийин алар таркашты. Азыркы учурда абал көзөмөлдө", - деп билдирди Жоробаев.