Буга чейин Баткен районундагы Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын тургуну малын издеп Тажикстандын Сомониён участкасы тарапка өткөндө Тажикстандын жарандары кармап алып, сабап коюшканы жазылган.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбековго байланышканабызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Тургун жаракат алган. Учурда бейтаптын абалы жакшы. Эртең дагы кошумча маалымат беребиз", - деди ал.
Ал эми социалдык тармакта Тажикстандын жарандары сабап койгон көк-таштык тургундун видеосу тарады.