"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди тоноого шектүү катары Э.Ы. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, кармалган жаран Текебаевге тиешелүү уюлдук телефонун өз ыктыяры менен берген.
Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, борбор калаанын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 1998-жылы Чүй облусунда туулган Э.Ы. аттуу жаран кармалды. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул факты сотко чейинки өндүрүшкө алынып, катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Маалымат үчүн:
1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды.