Орусиялык блогер Кыргыз жаранына Дубайга саякаттап келүүгө жолдомо берди. Буга чейин ал Кыргыз жаранына Айфон 13 берген

Дава аты менен таанылган орусиялык блогер Давид Манукян Кыргыз жаранына Дубай шаарына эс алууга жолдомо белек кылды. Мындай видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Видеодо көрүнгөндөй, интернет жылдызы Дубай шаарына саякаттоо үчүн команда чогултуп жүргөн. Соода борборунан жайкы кийим издеп жүрүп, кыргыз кызын жолуктуруп калат. Ал блогерди таанып, учурашкандан кийин Кыргыз өлкөсүнөн экенин айтты. Блогер буга таң калып, аны Дубайга командасы менен чогуу саякаттап келүү үчүн алып кете турганын айтканда, кыргыз кызы көзүнө жаш алды.

"Бул өлкө мен үчүн өз өлкөмдөй эле болуп калды. Мен эми ал өлкөгө учуп барышым керек", - деди блогер.

Эске сала кетсек, ноябрь айында Давид Манукян кыргыз жигитине жакында эле чыккан Айфон 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефон белек кылган.

Орусиялык блогер Кыргыз жаранына Дубайга эс алууга жолдомо берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tasma2014
2021-12-02 20:56:48
Этият кылчы бекер сыр бир Гана капканда болчу эле Ольганы кидать эткен Дава сени жон гана дырылдатып анан групага койуп салбасын барбай эле койчу карындашым жон эле намысын менен эрге тийип жузун жарык бактылуу болуп 10 кундук Дубай эмес туболук Бейишке жолдомо алчы садагасы сени жакшы коргон улутташ диндеш дилдеш бир тууган Кыргыз аган азгырылба аз кундук жыргалга
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан