Баткен облусунда күйөө баласын эки кайнагасы өлтүрүүгө шектелип кармалган окуя. Иш жакынкы күндөрү тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуянын чоо-жайы:
17-октябрь күнү саат 22:30дар чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаев белгисиз тарапка чыгып үйгө кайрылып келген жок деп бир тууган эжеси 19-октябрь күнү милицияга кайрылган.
Бул факты Баткен РИИБинде каттоого алынып, издөө иштери жүрө баштаган. Тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада шектүү катары Баткен шаарынын Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган иниси 28 жаштагы Ж.Н. аныкталып кармалган.
Бул факты өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына квалификациясы өзгөртүлгөн.