Бүгүн, 2-декабрда Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев SUPER.KG порталына Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары кармалган 23 жаштагы жаран боюнча комментарий берди.
Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат каражаттары шектүү Урмат Самаевдин өкүл баласы жана анын азыркы айдоочусу экенин жазып чыгышкан.
"Мен ал баланы тааныйм. Эми ал Токмоктон болгондуктан тааныйм. Экөөбүз эч кандай чогуу иштешкен да, бизнес да кылган эмеспиз, ал баланын саясатка тиешеси жок. Мени "жакшы көргөн" адамдар бул окуяга байлап жатышат. Чындыгында менин эч кандай тиешем жок.
Өмүрбек Чиркешович менин мурдагы кесиптешим. Ал адам менен жаман-жакшы айтышкан эмеспиз, ар дайым мамилебиз жакшы болчу. Жогорку Кеңеште аксакал катары дайыма саламыбыз түз болчу.
Бир эле Клара Сороонкулованы эмес, дагы 4-5 адамды сотко беришим мүмкүн. Бирок мен азыр кимди сотко берем, кимди бербейм, чече элекмин. Бирок материалдарды чыгарып, тактап койдум. Балким, сотко бербей дагы калышым мүмкүн. Чече элекмин", - деди Самаев.
Кечээ, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.