ЖЫЛНААМА, 3-ДЕКАБРЬ: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү

3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү.

1992-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы бул күндү Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү деп жарыялаган. Бул күндү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомчулуктун жашоосунда толук кандуу катыштыруу, алардын укугун сактоо максатында белгилешет.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны жылдан-жылга өсүүдө. Алардын саны 2008-жылдан 2015-жылга чейин 120 миңден 173 миңге өскөн. Алардын ичинен 28 миңи кичинекей балдар. Жыл сайын өлкө боюнча 650-700 балага шал оорусу диагнозу коюлат.
3-декабарга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан